Талас. Жол кырсыгынан улам 1 адам каза тапты

18-августта Талас районунун Кеңеш айылынын Тараз-Талас-Суусамыр автожолунун 128-чакырымында жол кырсыгы катталган. Бул тууралуу Талас РИИБинин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка таянсак, жогоруда аталган райондун А.Огомбаев айылынын тургуну 1984-жылы туулган Айдар Субанбеков өзүнө тиешелүү болгон Хонда-Одиссей үлгүсүндөгү унаасын башкарып бара жатып каршысында келе жаткан Москвич-412 үлгүсүндөгү унааны сүзүп алган. Кырсыктын кесепетинен Москвич-412 үлгүсүндөгү унаадагы жүргүнчү Арал айылынын тургуну, 1984-жылы туулган Шумкар Жунушалиев окуя болгон жерден көз жумган. Учурда бул жол кырсыгы боюнча текшерүү иштери жүргүзүлүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан