20-августка карата Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 15 миллиард 363 миллион метр кубду түздү. “Электр станциялары” ишканасынын билдиришинче, 2012-жылы бул көрсөткүч 17 миллиард 200 миллион метр кубду түзгөн. Суу сактагычка суунун агып кириши учурда секундуна 574 метр кубду, суунун агып чыгышы 370 метр кубду түзүүдө. Былтыр 20-августта суунун агып кириши 506 метр кубду, агып чыгышы 351 метр кубду түзгөн.