Оштогу өзбек тилдүү "Ош садоси" гезитинин башкы редактору Махамадсалы Исмаилов 2 жылга кесилди. Өкүмдү Кара-Суу райондук соту чыгарды. Исмаилов менен кошо күнөөлөнүп жаткан Убайдулла Абдуллажанов да 2 жылга эркинен ажыратылды. Эскерте кетсек, Махамадсалы Исмаилов 2010-жылдагы Июнь окуясы учурунда Анвар Махмудовду уурдаган деп шектелип, 31-мартта камакка алынган болчу. Райсот аны күнөөлүү деп тапты.