Ашхабадда медицина кызматкерлерине жумуш убактысында чөнтөк телефон колдонууга тыюу салынды. Бул тууралуу Ашхабаддагы "Азатлык" радиосуна жарыяланган.
Анда айтылгандай, мындай тыюу салуунун себептери ачыкталган эмес. Дарыгерлер жумушка келгенде чөнтөк телефонун башкы дарыгерге берип же үйлөрүндө калтыруусу керек.
Мындан сырткары, мындай чектөө буга чейин мектеп окуучуларына, ошондой эле мугалимдерге дагы киргизилген.
Окуучуларга киргизилген чектөөнү ата-энелер чогулушунда чөнтөк телефонду колдонуу балдарды тарбиялоодо терс таасирин тийгизери айтылган.