Биз социалдык тармакта

ЖАМК: "Молдовановкадагы абакта асынып алды делинген 23 жаштагы соттолгон жарандын иши иликтенип жатат"

Чүй облусунун Молдовановка айылындагы №1 түзөтүү абагында жазасын өтөп жаткан 23 жаштагы жаран асынып алганын Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынан билдиришкен. Ошондой эле алар бул окуяны суицид деп баалап жатканын айтышкан.

Бул окуя боюнча бүгүнкү маалымат жыйында Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын орун басары Аскат Эгембердиев бул фактыда киши колдуу болду деген факты жок экенин билдирди.

"Бардык тийиштүү экспертизалар дайындалган. Азыр иликтөө иштери жүрүп жатат. Соттолгон адамдын өлүмүндө киши колдуу болду деген факты жок. Ал асынып, андан соң тамекисинен өрт чыгып, денеси күйгөн", - деди ал.

Буга чейин Молдовановкадагы абакта асынып алды делинген 23 жаштагы соттолгон жарандын окуясындагы жаңы жагдайларды жактоочу айтып берген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Dembele84
2020-01-28 15:11:26
Озу асынып озун озу орттоду деп жыйынтык чыгарып койот булар,чтобы ситуасияны кучотпой нары бери ишти жабыш учун
+1
murat17
2020-01-28 15:30:01
кудай сактасын менин бир тууган иним Молдовановкадагы колона 31-де
0
ilgizk
2020-01-28 16:17:50
Жазасын алсын,педофил ,кыз зордуктагандар ,ушунтип эле жок болот,өлүм жазасын киргизбесенер.
0
murat17
2020-01-28 20:33:31
ilgizk,педофилдер учун ал жакта озунун закону бар
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан