Экс-министр Замирбек Эсенамановдун райсоттон акталышы боюнча Башкы прокуратура шаардык сотко кайрылат

Мурдагы жаратылыш ресурстары министри Замирбек Эсенамановдун райондук сот тарабынан акталышына макул болбогон Башкы прокуратура шаардык сотко арызданат. Маалыматты мекеменин басма сөз кызматы кабарлады. Белгилей кетсек, мамлекеттик айыптоочулар экс-министрди 8 жылга, калган айыпталуучуларды 5-6 жылга эркинен ажыратууну суранган болчу. Эсенаманов жана лицензия берүү менен алектенген комиссиянын 6 мүчөсү 2011-жылы 4 фирмага мыйзамсыз лицензия берген деп айыпталган эле. Алар 20-августта Бишкектин Биринчи Май райондук соту тарабынан күнөөсүз деп табылып, акталган болчу. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан