Перу аймагындагы жунгли чытырман токоюнан 34 күн дегенде 3 баласы менен адашып кеткен аялды табышкан. Бул тууралуу чет элдик басылмалар "The Independent" басылмасына таянып жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, 40 жаштагы аял 10, 12, 14 жаштагы балдары менен Перудан алыс болгон аймакка балдардын атасы менен жолугууга жол тарткан. Алар Путумайо дарыясына жакын жунгли токою аркылуу өтмөкчү болуп, адашып кетишкен. Эне менен балдардын жоголгондугу тууралуу маалымат 19-декабрда чыккан. Алар бир ай бою жол жүрүп, Эквадордун чек арасынан өтүп, Перунун аймагына келип калышкан. Курсактары ачып айла жок калганда жапайы мөмө-жемиштерди, ар кандай үрөндөрдү жеп жүрүшкөн. Алсырап, жүдөгөн апасы менен балдарын 34 күндөн кийин секоя элинин индейлери табышкан. "Суу жок болуп калганда жарым саат сайын алсыз болуп кулап жаттык. Кыздарымдын басканга алы келбей шалдырап, аларга карап токтоп жатып жолубузду уладык", - дейт жоголгон аял. Индейлер жоголгондор тууралуу Перунун аскер кызматына кабар берип, куткаруучулар колумбиялык Пуэрто-Легисамо шаарына жеткиришкен.