2015-жыл. Абройлуу сынакта кыргыз кызы өлкө желегин жамынып ыйлап жатты. Бул бакыттын ыйы болчу. Ал “Turkvizyon” эл аралык сынагында атаандаштарын артта калтырып, жеңүүчү аталды. Кыргыз туусун бийик желбиретип, намыска жараган ырчы менен кыргыз эли сыймыктанып турду. Жийдеш Идирисова үчүн мына ушул элдин сүйүүсү маанилүү.
“Акыл-эстүү эркек аялы туура эмес кылып жатса сөзү, көз карашы менен эле тыйып коёт. Сабап жаткандар сөз менен жеткире албайт, анткени акылы төмөн”,- дейт ырчы.
Кызыктуу маекти толугу менен “Супер-Инфонун” жаңы санынан (№900, 30-январь, 2020-жыл) окуй аласыз.