Өзбекстанда мамлекеттик мекемелердин кызматкерлерин пахта жыйноого мажбурлаган аткаминерлер айыпка жыгылды

Өзбекстанда кызматкерлерди пахта жыйноого мажбурлаган аткаминерлер айыпка жыгылды. Бул тууралуу өзбек басылмалары жазышты.

Анда райондук акимдер тарабынан мамлекеттик мекемелердин кызматкерлерине пахта теримге чыгуу боюнча буйрук берилгени айтылат.

"Өзбекстандын Иш менен камсыздоо жана эмгек министрлиги 2019-жылы пахта жыйноо учурунда айып пулга жыгылган аткаминерлердин тизмесин жарыялады. Алар мажбурлап иштетүү жумуштарын уюштуруудагы кемчиликтери үчүн жоопкерчиликке тартылышкан. Айып пулга жыгылгандардын көбү – Самарканд облусунун аткаминерлери болгон. Алар жалпысынан 15 миллион сумдун тегерегиндеги айып пул төлөшкөн.

Тизмеге 43 аткаминер кирген, алардын арасында эки район акими жана алардын беш орун басары, банктардын жетекчилери, мектеп директорлору жана соода комплекстин жетекчиси бар", - деп айтылат маалыматта.

Маалым болгондой, аткаминерлер "Эмгекке мажбурлоо" беренеси боюнча айыпталган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан