
Америкалык ишкер, миллиардер
Илон Масктын кирешеси бир саатта 2 миллиард 300 миллион долларга көбөйдү. Мындай каражат электромобилдерди чыгарган "Tesla" компаниясынын рыноктук капиталынын жогорулашынан түшкөнүн батыш маалымат булактары жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, компаниянын акциясы Нью-Йорк фонддук биржада 12 пайызга (649 долларга) жогорулаган. Компаниянын рыноктогу капиталдын жогорулашынан Илон Масктын кирешеси 36 миллиард долларга жетти.
"Tesla Motors" компаниясы 2003-жылы негизделип, электромобилдерди жана анын тетиктерин, электр кыймылдаткычтарын чыгарат. Компаниянын 22 пайыз акциясы Илон Маскка тиешелүү.