Унаа үчүн салык төлөө мөөнөтү 1-сентябрга чейин узартылышы мүмкүн

Мамлекеттик салык кызматы кыймылдуу мүлк үчүн (транспорт каражаты) салык төлөөнүн мөөнөтүн ушул жылдын 1-сентябрына чейин узартуу жөнүндө токтом долбоорун өкмөткө жөнөттү. Салык кызматы билдиргендей, эгер өкмөт токтом долбоорун кабыл алса, унаа ээлери 1-сентябрга чейин салыктарды айып салынбаган түрдө төлөй алышмакчы. Буга чейин унаа үчүн салык төлөөнүн акыркы датасы 20-августка белгиленген. Ал эми салыкты өз убагында төлөбөгөндөр үчүн 2000 сом административдик айып салынат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан