Биз социалдык тармакта

Кыргыз-Тажик чек ара маселеси. Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков Тажикстан элчиси Назирмад Ализоданы кабыл алды

Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков Тажикстандын Кыргыз өлкөсүндөгү жаңы элчиси Назирмад Ализоданы кабыл алды. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматынан билдиришти.

"31-январь күнү тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков Тажикстан Республикасынын кайра дайындалган элчиси Назирмад Ализода менен жолугушту. Министр элчини дипломатиялык миссиясынын башталышы менен куттуктап, мындан аркы жемиштүү иштерине ийгиликтерди каалады. Тараптар Кыргыз-Тажик кызматташтыгынын актуалдуу маселелерин талкуулашты жана мындан аркы өз ара аракеттенүүнүн багыттарын белгилешти. Кыргыз-Тажик Мамлекеттик чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо маселелери боюнча Кыргыз өлкөсү менен Тажикстандын ортосундагы сүйлөшүү процесстерине, ошондой эле 2020-жылга белгиленген иш-чараларга өзгөчө көӊүл бурулду", - деп жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
chake
2020-02-01 10:41:03
Чек араны чечип элдин тынч жашоосуна шарт түзүп бергиле Чынгыз мырза эл ошону күтүп жатат азыр
+3
Jaznura
2020-02-01 11:01:42
Эми эки өлкө ортосундагы чек ара маселеси тезирээк чечилер.
+2
Alimbek1000
2020-02-01 11:52:24
Чек арабыз чечилет буйурса. Зым менен чымын да өтө албай тургандай кылып тосп алышыбыз керек.
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан