Кыргызстан кыргыз-тажик чек арасындагы 5 адамдын өлүмүнө байланышкан иште Тажикстанга жардам берүүгө даяр

Кыргызстандын укук коргоо органдары Тажикстандын аймагында белгисиз бирөөлөр тарабынан атылып өлтүрүлгөн бир үй-бүлөдөгү 5 адамга байланышкан иштин тергелишине жардам көрсөтүүгө даяр. Муну өлкөнүн коргоо, коопсуздук жана чек ара маселеси боюнча вице-премьер-министри Токон Мамытов Тажикстандагы иш сапары маалында билдирди. Окуя 19-августта кыргыз-тажик чек арасынын такталбаган аймагында болгон.  

“Окуя болгон жерге эки өлкөнүн укук коргоо кызматкерлери барышты. Учурда Тажикстан тарап тергөө иштерин жүргүзүүдө”,- деди Мамытов.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан