Премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев Евро биримдиктин атайын өкүлү Патриция Флор менен жолугушканда, ага Евро биримдик Кыргызстанга жардам катары берүүнү убада кылган 30 миллион евро тууралуу эскертти. Муну менен катар аталган каражатты бөлүүнү эртелетүү керек экенин да айтты. Ал эми Флор: “Бул маселе Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев Брюсселге иш сапары менан барганда чечилет”,- деди. Айта кетсек, жолугушуу Тажикстанда өткөн эл аралык суу саммитинин алкагында болду. Белгилүү болгондой, президент Алмазбек Атамбаев 17-18-сентябрь күндөрү атайын иш сапары менен Бельгияга барат.