31-август - Кыргызстандын эгемендүүлүк күнүндө өлкө боюнча коомдук тартипти болжол менен 6-7 миң укук коргоо кызматкерлери көзөмөлдөйт. Бул тууралуу бүгүн, 21-августта ИИМдин басма сөз катчысы Жоробай Абдраимов бизге билдирди. Айтымында, 29-августтан баштап бардык аймактарда милиция кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте иштешет. “Майрамдап жүргөн элдин коопсуздугун камсыздоо максатында майрамдык иш-чаралар өтүүчү бардык жерлер катуу көзөмөлгө алынат”,- деди ал. Ал эми Бишкек шаары боюнча 3 миң милиция кызматкери коомдук тартипти көзөмөлгө аларын Бишкек ШИИББинин басма сөз катчысы Бакыт Сейитов билдирди. “31-августта 1 сутка бою жаңы конуштарда эмгектенген аймактык кызматкерлерден баштап, борбордук аянтты көзөмөлгө алган кызматкерлерге чейин күчөтүлгөн тартипте иштешет”,- деди Сейитов.