Кыргыз өлкөсүнүн мусулмандарынын дин башкармалыгы бозо ичүүгө тыюу салган эмес. Бул тууралуу SUPER.KG порталына аталган башкармалыктын басма сөз кызматынан кабарлашты.
"Бозо ичүүгө тыюу салган фатва чыккан эмес. Бирок бозо адамды мас кылгандыктан, аны ичүүгө шарият уруксат бербейт", - деп билдиришти муфтияттын басма сөз кызматынан.
Социалдык түйүндөрдө бозо ичүүгө тыюу салынган деген маалыматтар таркап, кызуу талкууга алынууда.