2019-жылдын январь-декабрь айларында айыл чарбанын, токой чарбанын жана балык чарбанын ички дүң продукциясынын өндүрүмү 220 миллиард сомду түздү. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, ошол эле учурда 2018-жылдагы деңгээлге карата өсүш темпи 102,6 пайызды түзгөн.
Айыл чарбанын салыштырма салмагы ички дүң продукцияда 12,1 пайызды түздү. Айыл чарба өндүрүшүндөгү мал чарба продукциясынын үлүшү 47,3 пайыз, ал эми багбанчылык – 50,1 пайызды түздү.