Бишкектин шаардык мэрияда кадрдык өзгөрүүлөр орун алды. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.
"Бишкек шаардык Капиталдык курулуш башкармалыгынын жетекчилик кызматына Гүлмира Жумабекова келди. Ал буга чейин Биринчи Май акимчилигинин акиминин орун басарлык кызматын аткарып келген. Жумабекова 1996-жылдан бери муниципалдык кызматта эмгектенип келет.
Белгилей кетсек, ал Капиталдык курулуш башкармалыгынын 60 жылдык тарыхында алгачкы жетекчи айым болуп саналат. Ага чейин бул кызматты убактылуу Улан Уезбаев ээлеген", - деп жазылат маалыматта.