Жалал-Абад. Облуста "За рулём" аттуу рейд башталды

Бүгүн, 21-августта Жалал-Абад облусунун бардык аймактарында "За рулём" аттуу рейд башталды. Иш-чара 23-августка чейин уланарын ОИИБинин басма сөз кызматы билдирди. Рейдде автоунаанын бардык түрлөрү текшерилет. Ошондой эле айнегин караңгылаткан, мас абалында автоунаа башкарып жүргөн жарандарга жана башка жол эрежесин сактабаган айдоочуларга административдик чаралар көрүлөт. "Иш-чаранын максаты - жол кырсыктарынын алдын алуу. Мындан сырткары мамлекеттик номери жок автоунаалардын ишин токтотуу",- дейт башкармалык.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан