Ачык жерге төгүлгөн сымаптын ден соолукка зыяны жок. Муну Бишкек шаардык санитардык-эпидемиялык көзөмөлдөө борборунун башкы дарыгери Ниязбек Мамасаков билдирди. Айтымында, шаардын Жал кичи районунун аймагына төгүлгөн сымаптан улам зыян тарткандар болушу мүмкүн эмес. “Сымап – уулуу зат. Бирок ал ден соолукка белгиленген өлчөмдө гана зыян тийгизет. Эгер ал жабык имаратта төгүлсө зыяндуу болмок. Сымаптын бир тамчысы ашказанга кире турган болсо деле эч нерсе болбойт. Анын буусунан дем алган адамга зыяны тиет”,- деди ал. Эске салсак, 19-августта Жал кичи районунун аймагында сымап суюктугу төгүлган. Мунун айынан аймактагы жашоочулардын айрымдары алсырап, жүрөгү айланып жатканы айтылган эле.