Биз социалдык тармакта

Жогорку Кеңештин комитетинде Кыргыз мамлекети менен Монголиянын ортосундагы аскер тармагындагы кызматташтык жөнүндө макулдашуу жактырылды

Кечээ, 11-февралда Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети Кыргыз өкмөтү менен Монголия өкмөтүнүн ортосундагы аскер тармагындагы кызматташтык жөнүндө макулдашуу боюнча ратификациялык мыйзам долбоорунун концепциясын жактырды.

Маалыматка ылайык, макулдашуу Кыргыз мамлекети менен Монголиянын куралдуу күчтөрүнүн ортосунда эки тараптуу аскердик кызматташтыкты өнүктүрүү жөнүндө жетишилген макулдашуулардын алкагында даярдалган жана кол коюлган.

Эки тараптуу макулдашуу төмөнкү багыттар боюнча кызматташууну камтыйт:

  • Аскердик техникалык кызматташуу;
  • Аскердик өнөр жай;
  • Аскердик билим жана технология;
  • Тынчтыкты сактоо иш аракети.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан