2019-жылы 19 жаштагы казак кызы Элизабет Турсынбаева Япониянын Сайтама шаарында муз үстүндө бийлөө боюнча өткөн Дүйнө чемпиондугунда тарых жаратты. Ал айымдар арасында биринчи жолу 4 айланма сальхов секирди. Бул тарыхтын жаралышын 100 жылдап күткөн өлкөлөр бар эле. Кызынын мындай ийгилик жаратышына болгон күчүн жумшап, көмүскөдө туруп тоодой күч берген апасы – кыргыздын кызы Падишахан Султаналиева “Апалар сүйлөйт” рубрикабыздын коногу.
Падишахан Султаналиева менен кызыктуу маекти “Супер-Инфонун” жаңы санынан (№902, 13-февраль, 2020-жыл) окуй аласыз.