Саясат таануучу: "Коронавирус Улуу Британиянын бөлүнүшүнө алып келиши мүмкүн"

Коронавирус Улуу Британиянын өз-өзүнчө курам болуп бөлүнүүсүнө алып келиши мүмкүн. Мындай пикирди белгилүү орусиялык саясат тануучу Игорь Панарин “Дүйнөлүк саясат” аттуу көрсөтүүдө билдирген.

Серепчинин айтымында, Кытайдан тарап жаткан коркунучтуу вирус - англиялык агенттердин Кытайга каршы гибриддик жана маалыматтык согушу.

“Кытайда эпидемия башталгандан бери, бир канча убакыт өттү. Ошондуктан бүгүн негизги жыйынтыктарды чыгара берсе болот. Биринчиден, батыш тараптан Кытайга жана жеке Си Цзиньпинге каршы гибриддик операция жүргүзүлүүдө. Бул операциянын максаты кандай? Си Цзиньпинди кетирип, ордуна анын орун басарын алып келүү. Мисалга алсак, Владимир Путин 15-январда ультра либералдык өкмөтүн отставкага кетирди. Си Цзиньпин деле өз өкмөтүн жана анын башчысы Ли Кэцянды кетирмек, бирок жетишпей калды. Ал бул ишти Кытай Жаңы жылынан кийин ишке ашырууну пландаган. 16-январда англичандар Солсбериден (Улуу Британиядагы шаар) Кытайга учак менен атайын топ жибергени белгилүү. Эске сала кетсек, Солсбери гибриддик, химиялык-биологиялык согуштун очогу болуп саналат.

Эмнеге коронавирус Ухандан чыкты. Ухан буга чейин Кытайдагы туруктуу эмес оор абалдын 2 жолку булагы болгон. Бул жөнөкөй шаар эмес. Вирус чыккычакты эле Уханда лаборатория жайгашкан. Ал жерде британиялык агентура иш алып барып келген. Ошентип англиялыктар операциясын 2019-жылдын декабрь айынын аягында Ухандан баштады. Бирок эффект анча деле чоң болгон жок. Орусияда 15-январда өкмөт алмашып кеткенде, англиялыктар Си Цзиньпин Ли Кэцянды дагы отставкага кетирип жиберишинен коркуп, масштабдуу операцияны ишке ашыра башташат. 20-январда алар Гонконгдон Лондонго учуп кетишет. Алар кеткенден кийин 20-январдан 30-январга чейин эпидемия бүткүл Кытайды айланып чыкты. Вирус толкун сымал бүтүндөй мамлекетти каптап кетти. Гибриддик согуштун спецификасын айтсам, Кытайдын башка шаарларында адамдар вирусту кадимкидей эле жуктуруп алса, Уханда жасалма жуктуруу орун алган.

Коронавирус операциясынын дагы бир максаты Си Цзиньпинди гана эмес Шанхай кызматташтык уюмун дагы жок кылуу. Анткени 2019-жылдын жай айында Бишкекте өткөн саммитте ШКУнун мүчөсү болгон 8 ири мамлекет либералдык глобализмге каршы борбордук саясат дүйнөсүн түзүү жөнүндө сүйлөшүшкөн. Демек, англиялыктардын Си Цзиньпинден кийинки максаты ШКУ экени айдан ачык болуп турат.

Мындан тышкары, англиялык агентура коронавирустан улам коомдо кытай жетекчилигине карата нааразычылык жаралышына өбөлгө түзгөнгө аракет кылып жатат. Алсак батыш журналисттери вирустун тарашына Си Цзиньпинди күнөөлөшүүдө. Анткени Уханда коронавирустан каза болгон дарыгер буга чейин жетекчиликке вирус жөнүндө эскертүү бергенин жазып чыгышты. Дарыгердин эскертүүсүнө Си Цзиньпин көңүл бурбай койгон экен. Бирок бул жерде белгилей кетүүчү жагдай ал дарыгер – офтальмолог болуптур, демек вирус боюнча адис болгон эмес. Офтальмолог коркунучтуу вирус тууралуу билиши мүмкүн беле? деген суроо жаралат.

Эми жыйынтыктасак, Кытайда жалпысынан коронавирустан 1000ден ашык адам каза болду. Ошол эле маалда АКШда сасык тумоодон 10 миңден ашуун адам каза болгону айтылат. Бирок негедир бул көрсөткүч батыш ЖМКларынын көңүлүн бурдурган жок. Гибриддик-маалыматтык согуш талаасында Кытайдын атайын кызматтары жакшы иштей албашын көрсөтүп коюшту. Эгер Си Цзиньпин ордунда калса март айында Кытайдын өкмөтүн отставкага кетириши мүмкүн. Ухандан чыккан бумеранг кайрадан Солсбериге кайтып барат дагы, бул нерсе Улуу Британиянын бөлүнүшүнө, Англиянын өз-өзүнчө курамга биригишине алып келет. Ал кандай болуп бөлүнүшү мүмкүн. Алсак, Түндүк Ирландия, Англия жана Ирландия бир курам, Шотландия жана Уэльс бир курам болуп биригиши мүмкүн. Жалпысынан коронавирус боюнча абал стабилдүү деп айта алам” , - деп сөзүн жыйынтыктаган саясат таануучу.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
assanov97
2020-02-14 09:29:22
Орустар айнып калган вирус олкону болуп койсо
0
Asula
2020-02-18 10:47:47
assanov97,окуп тушунуп атасынбы бул саясий согуш.
0
assanov97
2020-02-14 09:29:46
Подвалдагы лаампачкаларды америка чечип кетти дегендей
+5
Agayu
2020-02-14 09:56:23
Мен да ойлогом , бул оору саясий оору деп .Ар жылы ар мамлекетте адам баласы азайып туруш керек экономика жагы төмөндөш керек кандай кантип аны бир гана Эксперттер билишет .Биздин тагдырыбыз дүйнөлүк эксперттердин колунда болуп калган .Игил бүттү эми мына Коронавирус , бул нерсени алар пландашып ишке ашырышат бирок өтө секрет
+6
Missing-u
2020-02-14 10:30:55
Паника башталганда эле билгем химиялык согуш экенин))))
+5
Adi010891
2020-02-14 13:01:35
Муну Тантык Арстандан сураш керек
-5
Kyrgyz_bloger
2020-02-14 14:27:08
Андай болушу дагы мумкун илгери Ленин жакшы жашоо курам деп революция кылып,бизге чейин кызылдар келгенде аларга каршы басмачылар,байлар согушкан аларды болсо Англия курал акча менен камсыздашкан экен.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан