Коронавирус илдетинен эң көп өлүм катталып жаткан өлкөлөр аталды

Учурда дүйнө жүзүндө коронавирус илдетинен эң көп өлүм АКШ жана Бразилияда катталып жатат. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Ага ылайык, азыркы учурда илдеттен каза болгондор Индияда жана Бразилияда көп катталууда.

АКШда 598 миң 766 адам илдеттен көз жумса, Бразилияда 479 миң 515 жаран коронавирустан каза болду. Ал эми Индияда 355 миң 705 адам илдеттин кесепетинен дүйнө салды.

Пандемия башталгандан бери дүйнө жүзүндө 3 миллион 75 миң адам каза болду.

Эске салсак, коронавирус илдети алгач Кытайдын Ухан шаарында чыгып, дүйнө жүзүнө тараган.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
aslonur
2021-06-11 05:12:30
3миллион 75миллион?
+9
taxa007
2021-06-11 08:24:35
3 миллион 75 миң болсо керек эле
0
Guliza-86
2021-06-11 14:40:36
3 миллион 75 миң деп турат ко
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан