Биз социалдык тармакта

Өкмөт башчы: "Экономикалык өнүгүү болмоюнча социалдык чөйрөдө оңдуу жылыштар болбойт"

Экономикалык өнүгүү болмоюнча социалдык чөйрөдө оңдуу жылыштар болбойт. Бул тууралуу премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн 2019-жылы аткарган иштерин жана 2020-жылдагы милдеттерин талкуулаган кеңейтилген коллегиясында билдирди.

«Жалал-Абад облусу – өнөр жай, энергетика жана туризм чөйрөсүндө олуттуу потенциалы бар аймак. Муну менен катар ушул жана башка тармактардын өнүгүүсүнө тиешелүү деңгээлде көңүл бурулбай жатат. Мисалы, айрым жарандар өз каражаттарын салып, өндүрүш ишканаларын жана жумуш орундарын түзүп жаткан инвесторлордун иштөөсүнө мүмкүнчүлүк бербей жатат. Ошол эле учурда буга жергиликтүү бийлик аракет көрбөйт жатат", - деди Мухаммедкалый Абылгазиев.

Өкмөт башчы аймактын өндүрүштүк иш-аракетин, анын ичинен Майлуу-Суу лампа заводун колдоонун зарылдыгына өзгөчө көңүл бурду.

Ошондой эле өкмөт башчы аймактарды өнүктүрүү саясатынын алкагында элеттеги ишкерликти өнүктүрүүгө кошумча 4 миллиард сом бөлүнгөнүн белгиледи.

.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
chake
2020-02-15 10:32:57
өкмөт туура айтат элибиз бай болгон менен мамлекеттик казынабыз жакшы эмес
+3
Absamat-90
2020-02-15 10:39:03
Мамлекет бай болуусу үчүн тээ 90- жылдары мамлекеттик мүлктү элге бербеши керек эле. Туура эми экономика онолмоюнча социалдык абал оңолуп калбайт.Пенсия пособие түздөн түз салыктан көз каранды. Андыктан ишкердикти өнүктүрүү керек.
+3
Mirlan27011987
2020-02-15 10:54:39
Кыргызстан баардык жагынан артта калган олкобуз. Азыркы бийлике эч ким ишенбейт. Соттордун баары бир президенттин кызыкчылыгына иштейт. Жумушсуздук, миграция жогорку денгеелге жетти.
+2
adilbars
2020-02-15 11:02:03
Тимеле ачылыш жасаптыр го, кеткилечи эй элди кыйнабай!
+1
Tursunbaev2017
2020-02-15 23:31:55
Ошо экономиканы өнүктүрбөйсүңөрбү анан?
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан