Биз социалдык тармакта

Бишкекте патрулдук милиция соода борборлордун биринен эки кыздын жоготуп алган апаларын таап берди

Бишкектеги соода борборлордун биринен апаларын таппай калган кыздар тууралуу маалымат кечээ, 15-февралда болжол менен саат 12:30 чамаларында Бишкек ШИИББинин нөөмөт кызматына келип түшкөн.

Тактап айтканда, "Дордой-Плаза" соода борборунун ичинде кичинекей кыздар апасын издеп жатат деген маалымат келип түшкөн. Айтылган дарекке Милициянын кайгуул кызматы барып, маалыматты тактаганда, 2017-жылы туулган М.Х. жана 2016-жылы туулган Т.Х. аттуу кичинекей кыздар апаларын издеп жүргөндүгүн айтышкан.

"Милициянын кайгуул кызматкерлеринин ыкчам издөө аракетинин натыйжасында эки саат аралыгында кыздардын апалары 1993-жылы туулган А.Б. жана 1992-жылы туулган М.Г. табылган. Кичинекей кыздарды Свердлов РИИБине алып келип, ошол жерден апаларына өткөрүп беришкен", - деди басма сөз кызматынан.

Бишкекте патрулдук милиция соода борборлордун биринен эки кыздын жоготуп алган апаларын таап берди
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
talaa11
2020-02-16 10:17:19
Апалары издебеген окшойт оздору келет деп
+2
Rajo100
2020-02-16 11:31:54
Апалары башка аталары менен журсо керекта, чай пай ичип
+1
emirchik
2020-02-16 11:40:26
Молодец ушунтип таап журобергиле
+1
Nur777
2020-02-16 13:32:16
Апалары кыздарын издебей тескерисинче кыздары издегени кызык экен))
+2
Baatirbek81
2020-02-16 17:06:43
Кейибейтко жалжаңдап.
0
ahunali12
2020-02-17 05:06:40
Милициянын жумушу ушулго. Эрдик кылгандай сүрөткө түшүп турушат.
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан