Биз социалдык тармакта

Ат-Башыда логистикалык борбордун курулушуна каршы митинг өтүп жатат

Бүгүн, 17-январда Нарын облусунун Ат-Башы райондук администрациясынын алдына эл топтолду. Алар логистикалык борбор - Ат-Башы эркин экономикалык зонанын курулушуна каршы болуп чыгышкан.

Митингге топтолгондор инвестор болобуз деген Кытай тарапка ишеним көрсөтүшпөй турганын, алардын түпкү ниети башка болушу мүмкүн деген пикирлерин айтышууда.

"Биз ат-башылыктар эч качан митингге чыккан эмеспиз. Бизге Кытай тараптын мындай борборду курганынын кереги жок. Мал-жаныбызды багып, ошол менен тиричилигибизди өткөргөнүбүз оң", - дешүүдө.

Азырынча топтолгондорго акимчиликтен эч ким чыга элек.

Буга чейин Ат-Башыга кытай инвесторлору менен биргеликте 200 гектар аянтка логистикалык борбор курула тургандыгы маалымдалган. Ал жер аянты Кытай тарапка 49 жылга ижарага берилип, борбор курулса жергиликтүү 15 миң жаран жумуш менен камсыздалары айтылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (12)
Alimbek1000
2020-02-17 12:35:48
Провокацияга алдырбагыла туугандар!
-5
talaa11
2020-02-17 12:41:16
49жылга арендага бергенден кийин ал жер бир отоло Кытайлардын жери болуп калат ошол бойунча беришбейт ал жерди
+11
Apyn8793
2020-02-17 12:56:59
Ат-Башылык туугандар биз силер мененбиз!!! Кытайга кул болбойлу!!!
+11
Baihan07
2020-02-17 13:18:59
Молодцы бербегиле жерди
+11
Bayastankyrgyz
2020-02-17 13:48:37
АЗАМАТСЫНАР КЫТАЙГА БИРДА КАРЫЖ ЖЕР ЖОК...
+9
Kyrgyz_bloger
2020-02-17 13:48:45
Эгер ошол борборду Корея,Япония курса эл каршы болмок эмес,эмнеге Кытайга эле жабышып алдынар акмактар.
+7
Nurbany
2020-02-17 14:09:50
Туура жерди бердирбейли
+5
Mister-X
2020-02-17 17:18:39
Казакстан менен чектеш жерге же Ош, Жалал Абадга курса болбойт беле?Эмнеге Кытай менен чектешкен жерде курулуп жатат?Ушул нерсе шек жаратып жатат.
0
Jelezo
2020-02-17 20:32:02
Өтө эле обу жок болуп кетебиз инвестор болмоюнча жумуш орундарды ким түзөт салык каяктан чогулат.200 га жерден башка жер толуп жатат го Аксай,Арпа .Эл каршы болсо түштүк тарапка Алай жактан беришпейби.
0
Beck_13
2020-02-19 08:30:04
Jelezo,эмнеге туштук тараптан? Биз деле жер бергибиз даже кытайларды коргубуз жок.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан