Токон Мамытов Казакстанда камакта жаткан ысык-көлдүк малчылар боюнча сүйлөшүү үчүн коңшу өлкөгө барат

Бүгүн, 22-августта вице-премьер-министр Токон Мамытов мал издеп Казакстан тарапка өтүп, бирок "чек арадан мыйзамсыз өтүштү" деп айыпталып Казакстанда камакта жаткан ысык-көлдүк малчылардын туугандары менен жолугушту. Анда Мамытов 28-августта бул маселени чечүү үчүн Казакстанга барарын билдирди. Вице-премьер-министр Кыргызстандын Алматыдагы башкы консулуна камакта жаткан кыргызстандыктар менен жолугушуп, алардын абалы менен таанышуу тапшырмасын берди. Эске сала кетсек, казактар 9 малчынын экөөсүн кайтарып берип, 11-июлдан бери 7 малчы камакта жатышат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан