Кара-Суу шаардык кеңешине шайлоодон КСДП 18 мандат алды
Кара-Суу шаардык кеңешине шайлоодон КСДП партиясы 18 мандат алды. Маалыматты Кара-Суу аймактык шайлоо комиссиясы кабарлады. Бүгүн, 22-августта жыйын өтүп, шайлоо протоколдору кабыл алынды жана мандаттар бөлүштүрүлдү. КСДП 18, "Өнүгүү" партиясы 6, "Бир бол" партиясы 4, "Замандаш-Современник" партиясы 3 мандат алды. 18-августта өткөн шаардык кеңешти шайлоого 6,4 миң шайлоочу катышканы айтылды.