Түрктөрдүн “Кайра жаралуу: Эртугрул” тарыхый сериалынын уландысы катары “Курулган Осмон” сериалы тартылууда. Сериалда кыргыз элинин боз үйү, кыргыз жоокерлеринин кийимдери көрсөтүлүп жатканы тууралуу гезиттин өткөн сандарында айтып бергенбиз. Дүйнөгө популярдуу болуп жаткан, башкы каармандын ролун атактуу актёр Бурак Өзчивит ойногон “Курулган Осмон” сериалына кыргыз жигити да тартылды. Дастан Разак уулу тартуу учурундагы кызыктар тууралуу бизге да айтып берди. Сизге да кызык болуп жатса, макаланы толугу менен “Супер-Инфонун” жаңы санынан (№904, 27-февраль, 2020-жыл) окуй аласыз.