Кыргызстандын 3 районуна өзгөчө статус берүү сунушталды

Кыргызстандын шарты катаал 3 районуна өзгөчө статус берүү сунушу айтылды. Муну Ысык-Көлдө өтүп жаткан тегерек столдо өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиев айтты. Аймактык-административдик реформанын алкагында Чаткал, Тогуз-Торо жана Чоң-Алай райондоруна өзгөчө статус берүү керектигин билдирди ал. "Бул райондордун чек арасын кайрадан карап чыгыш керек",- деди Сатыбалдиев. Айта кетсек, тегерек столдо мамлекеттик башкаруунун натыйжалуулугу талкууланып, ага жогорку жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү катышууда. 

 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан