"Мугалимдердин статусу алардын айлык-маянасынан көз каранды. 2014-жылы айлыктарын көтөрүү пландалууда",- деди билим берүү жана илим министри Канат Садыков 23-августта Бишкекте өтүп жаткан мугалимдердин конференциясында. "Мугалимдердин статусун көтөрүү зарыл. Ал үчүн биринчи кезекте алардын айлыктарын жогорулатыш керек. Мугалим балага билим гана бербейт, ал адамды тарбиялайт. Бул кесиптин кадыр-баркы жогору болушу кажет. Учурда эсептөөлөр жүрүп жатат, 2014-жылы айлыктары жогорулайт деген үмүттөмүн",- деди министр.