Ысык-Көлдө чума илдети менен шектелип ооруканага түшкөн бала каза болду

Ысык-Көлдүн Каракол шаарында чума дартына шектелип оор абалда ооруканага түшкөн бала каза болду. Бул тууралуу бүгүн, 23-августта аймактык кабарчыбыз Айзат Анарбекова билдирди. Маалыматка таянсак, 22-августта 14 жаштагы бала оор абалда ооруканага келип түшкөн жана ал чума дартынан каза болду деп шектелүүдө. Аны тоодон суур тиштеп алганы айтылууда. Учурда бала оорукананын өлүкканасында, бардык анализдер алыныптыр. Анализдин жыйынтыгы бүгүн түштөн кийин чыгат. Оорукана учурда күчөтүлгөн тартипте иштеп жатканы кабарланды.     
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан