Башкы прокуратура Бишкектин мурдагы мэри, райондук сот 11 жылга кескен Нариман Түлеевдин жана анын жакындарынын үй-мүлкүн конфискациялоо боюнча түшүндүрмө берди. Маалыматта, 2008-жылы автобустарды жана таштанды чыгаруучу техникаларды алып келүүдөгү акча которуулар "Дос-Кредобанк" тарабынан жүргүзүлгөн. Ал учурда бул акцияларына Түлеевдин үй-бүлө мүчөлөрү ээлик кылып турушканы айтылат. Ошондой эле тапшырган жылдык кирешеси жана мүлкү боюнча декларацияда Түлеевдин көпчүлүк мүлктөрү өзүнө эмес, жакындарына каттатылганы белгилүү болуптур. Анан да Түлеевдин жакындары "Базовый элемент" жана "Айрус" ишканаларына ээлик кылышат. Бул ишканалар Түлеев айыпталган кылмыштуу иштерге катыштыгы бар, башкача айтканда, ошол маселеде өткөрүлгөн тендерден утуп чыгышкан. Бул да Түлеевдин жакындарынын мүлктөрүн конфискациялоого жол ача турганын билдирет Башкы прокуратура.