Биз социалдык тармакта

Борбордук аянтта Садыр Жапаровду колдоо митинги өтүүдө

Бүгүн, 2-мартта "Ала-Тоо" борбордук аянтында Садыр Жапаровду колдоо максатында анын тарапташтары митинге чыгышты.

Учурда аянтка анын тарапташтары чогулууда.

1-мартта Садыр Жапаров элди митингге чыкпоого чакырган. Кайрылууну Жапаровдун жактоочусу Шарабидин Токтосунов жарыялаган.
"Урматтуу Кыргызстандыктар! Менин сиздерге кайрылуумдун себеби төмөнкүчө: мага сырттан жолугушууга келген адвокаттарым жана жакын туугандарым 2-март күнү Бишкек шаарына жалпы эл республикабыздын бардык аймактарынан келип, ар түрдүү талаптар менен митингге чыкканы турушат деген маалымат берип жатышат. Талаптардын арасында менин боштондугум да бар экен. Эгер менин боштондугум үчүн чыкканы жатсаңыздар, анда мен тарапташтарыма кайрылуу жасайм. Эл чогулган жерде провокаторлор болуп, ызы-чуу чыгып кетиши мүмкүн. Азыр өлкөбүзгө ызы-чуунун кереги жок. Мага жеткизген маалыматтар боюнча провокаторлор даярдалып, жыйналышты башка нукка буруп кетүүчү күчтөр пайда болуптур. Мен бир адамдын мурдунан кан чыкканын каалабаймын. Ошондуктан чыкпай эле коюңуздар деп, тарапташтарымдан суранып кетет элем. Аман болсом Кудай буюрган күнү чыгам. Азыр мыйзам талаасында иштер жүрүп жатат.

Урматым менен Садыр Жапаров, 1-март 2020-жыл".

Садыр Жапаровду колдоо митингинде орун алган окуялар
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
TalaCSKA
2020-03-02 12:28:41
Киши аз го?же Садыр Жапаровтун кечеки кайрылуусу себеп болдубу? бийлик Садыр Жапаровту кыскан окшойт ушундай кайрылуу жаса деп болбосо колдочулары коп эле болчу.бирок чын чынына келгенде эч куноосуз олтурат элим жерим деп чындыкты суйлогону учун!!!
0
salimbek87.kg
2020-03-02 12:44:39
Садыр Жапаровко боштондук .
+8
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан