Саламаттыкты сактоо министрлиги учурда Ысык-Көлдө "чума илдетинен улам каза болду" деп шектелген жарандын денесин союу жүрүп жатканын билдирди. Анын өлүмүнүн себеби бүгүн кечке маал билинет. Ооруну аныктоо үчүн республикалык штабдын дарыгерлер тобу иштеп жатышат. Айта кетсек, 22-августта Ысык-Көлдүн Ак-Суу районунда жашаган 15 жаштагы бала ооруканага оор абалда жеткирилип, каза болуп калган эле. Аны тоодон суур тиштеп алганы айтылып, бала чума оорусун жуктуруп алып каза болуп калды деген божомолдор айтылып, экспертиза дайындалган болчу. Каза болгон Темирбек Исакунов Ичке-Жергез айылынын тургуну экендиги белгилүү болду.