Биз социалдык тармакта

Кыргыз футболунун күйөрманы Кыргыз туусунун күнүнө карата Кыргыз, Түрк желегин көтөрүп борбордук аянтка чыкты

Бүгүн, 3-март - Мамлекеттик туу кабыл алынган күндүн 28 жылдыгына карата кыргыз футболунун күйөрманы Али Ифлазоглу Кыргыз туусу менен Түрк туусун көтөрүп "Ала-Тоо" аянтына чыгып, кызык окуяга туш болду. Бул тууралуу Али мырза SUPER.KG порталына төмөнкүлөрдү билдирди.

"Бүгүн, Мамлекеттик туу күнүнө карата кыргыз элинин жана түрк элинин туусун көтөрүп "Ала-Тоо" аянтына чыктым. Мен ал жакта киши көп болот деп ойлогом. Жалгыз эле мен барыптырмын. Баарынан да кызыгы, милиция кызматкерлери аянтта көп экен. Көпчүлүгү мени митингге келди деп ойлоп курчап калышты. Аларга бүгүнкү майрамды, максатымды айтканда тарап кетишти", - дейт футбол күйөрманы.

Эске салсак, Али Ифлазоглу 5 жылдан бери кыргыз футболуна күйөрмандык кылып келет. Ар дайым Кыргыз курама командасы ойногон беттеште Кыргыз өлкөсү менен Түркиянын желегин көтөрүп, күйөрмандык кылып жүрөт.

Кыргыз футболунун күйөрманы Али Ифлазоглу Кыгыз туусу күнү менен куттуктайт
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Baktyluu_bolgum_kelet
2020-03-03 15:17:22
Бир түркчө жоксуңар)
+2
KG-zigit
2020-03-03 16:22:25
Кана кечеги желбиреген желектер
Бекинбей бугун чыгып желектин кунун белгилегиле да
Патриоттук сезимдерди ойготбойлубу
0
Glucke
2020-03-03 16:53:52
Бул турк аябай хит болду го)
0
Aimani
2020-03-03 18:45:11
Кечээгиден кийин площадка киши баргандан коркуп калса керек
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан