Орусия 200 миңдей мигрантты өз аймагына киргизүүгө тыюу салды. Тизмеде кыргызстандыктар да бар

Орусия бийлиги мыйзамды бузгандыгы үчүн 200 миңдей мигрантты өлкө аймагына киргизүүгө тыюу салды. Бул тууралуу Орусиянын Федералдык миграция кызматы билдиргенин маалымат булактары жарыялашты. Депортацияланган мигранттардын 41 пайызын Өзбекстандын, 21 пайызын Тажикстандын, 9 пайызын Кыргызстандын, 4 пайызын Украинанын жарандары түзөт. Мындан сырткары дагы 120 миң мигрантты депортациялоо маселеси каралып жатканы айтылууда. Буга чейин Орусиянын аталган кызматы өлкө аймагында 3 миллиондой мыйзамсыз жүргөн мигрант бар экенин билдирген эле. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан