Тажикстандык укук коргоо кызматкерлери 20-августта тажикстандык бир үй-бүлөдөгү 4 адамды кыргызстандыктар атып өлтүрүшү мүмкүн деп божомол кылууда. Муну ИИМдин басма сөз кызматы билдирди. Министрдин буйругу менен окуя болгон жерге КРнын укук коргоо органдарынын жетекчилери барышып, жергиликтүү элге түшүндүрүү иштерин жүргүзүп келишти. Тажикстандык жарандарга да ар кандай чагымчыл аракеттерге алданбоо чакырыктары айтылды. Тажикстандын укук коргоо кызматкерлеринин айтымында, бул ишти аталган өлкөнүн ички иштер министри өз көзөмөлүнө алыптыр. Кылмышкерди тапканга жардамдашкан жаранга 10 миң долларлык сыйлык берилет экен. Баткендеги аймактык милиция башкармалыгынын жетекчилери менен Тажикстандын Согдий облусунун ИИБи башчылары 22-августта жолугушуу өткөрүштү. Анда кылмыш боюнча маалыматтарды алмашуу макулдашылып, атайын окуяны иликтей турган штаб түзүлдү.