Бүгүн, 23-август Роза Отунбаеванын туулган күнү. Экс-президент 63 жашка чыкты

Бүгүн, 23-август Кыргызстандын экс-президенти Роза Отунбаеванын туулган күнү, ал бүгүн 63 жашка толду. 2010-жылдын 7-Апрель окуясынан кийин Убактылуу өкмөттү жетектеп, өлкө өтө кооптуу учурда турганда чоң жоопкерчиликти моюнга алган айым катары элдин эсинде калды. Эгемен Кыргызстандын тарыхындагы биринчи айым президент катары тарыхта калат. Кыргызстан экинчи революцияны башынан өткөрүп турган оор күндөрдө президент болуп өлкөнү 1,5 жылдай башкарды. Адилет, адилетсиз айтылган сын-пикирлерди укту. 2011-жылдын 1-декабрында Кыргызстанда алгачкы жолу президент тынчтык жолу менен алмашып, Роза Отунбаева тизгинди жаңы шайланган президент Алмазбек Атамбаевдин колуна карматкан. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан