Каракол шаары шайлоого катышкан партиялардын саны боюнча алдыга чыгышы мүмкүн. Бул тууралуу Каракол шаардык мэриясынын сайтына жазылган.
Ага ылайык, шаардык кеңештин шайлоосуна катышуу үчүн 14 партия документ тапшырган.
Маалыматка ылайык, аймактык шайлоо комиссиясынан ар бир партиядан аз дегенде 47 талапкер көрсөтүлгөнүн билдиришкен. Ал эми башка аймактарда шаардык кеңештин шайлоосуна 9-11 партия ат салышууда.
Шаардык кеңешке шайлануу үчүн документтер 2020-жылдын 2-мартына чейин кабыл алынган.