Кичинекей Салиха Орозбекова төрөлгөндөн бери оору менен күрөшүүдө. Апасы айыктырып алсам деп учурда тызылдап чуркап жүрөт. “Үй-жай тургузалы деп жан үрөп иштедим. Кызым оорукчан төрөлгөнү үчүн күйөөм жана кайын журтум бизден баш тартышты. Эки бала менен иштебей, туугандардын колун карап отуруп калдым” деген 28 жаштагы Перизат Созокбаева кызын дарылатуу үчүн элден жардам суроого аргасыз экенин айтат. Каарманыбыздын оор тагдырын толугу менен “Супер-Инфонун” жаңы санынан (№905, 5-март, 2020-жыл) окуй аласыз.