Калемпирдин мекени – Америка. Бирок эмне үчүн болгар калемпири деп аталарын билесизби? 1950-1960-жылдары Болгария өлкөсү СССРге калемпирди көп экспорттоп турган. Элдин “бул эмне болгон жашылча?” деген суроолоруна сатуучулар “болгар жашылчасы” деп жооп беришчү. Бара-бара "болгар калемпири" аталышына өткөн. Мына ушундай тарыхы бар жашылчанын учурда көптөгөн сорттору жана гибриддери бар. Алардын кайсы уругун Кыргыз жергесинен таап, өстүрүп, көп түшүм алууга болорун окурмандарга айтып бермекчибиз.
Пайдалуу макаланы толугу менен “Супер-Инфонун” жаңы санынан (№905, 5-март, 2020-жыл) окуй аласыз.