Бишкек мэри Иса Өмүркулов: "Мектеп окуучуларынын билим деңгээлин олимпиадалар таразалайт"

“Бүгүнкү күндө жаш муундарга билим берүү – биздин негизги камкордугубуз гана болбостон, өлкөбүздүн келечеги да болот. Демек, бул баарыбыздын негизги максатыбыз. Билим берүүнү өнүктүрүүгө, балдарыбыздын сапаттуу билим алышы үчүн жалпыбыз салымыбызды кошушубуз зарыл". Муну бүгүн, 23-августта Бишкекте өткөн мугалимдердин кеңешмесинде Бишкек мэри Иса Өмүркулов айтты. Мэрдин билдиришинче, Бишкектеги мектеп окуучуларынын билимин республикалык, эл аралык олимпиадалардын жыйынтыктары айгинелеп турат. "133 окуучу шаардык олимпиаданын, 58 окуучу республикалык олимпиаданын жеңүүчүлөрү болушту. Республика боюнча 50 алтын сертификаттын 33үн шаарыбыздын окуучулары алышты”,- деди мэр. Кеңешмеге билим берүү жана илим министри баш болгон тармактагы жооптуу жетекчилер катышты.   

 

Айта кетсек, Бишкек шаары боюнча 94 орто мектеп бар. Быйылкы окуу жылында шаардын мектептеринин биринчи класстарына 13 миң окуучу кабыл алынат. Биринчи класска кабыл алуу 5-сентябрга чейин жүргүзүлгөндүктөн, окуучулардын саны 15 миңге чейин өсүүсү күтүлүүдө. Өткөн окуу жылында биринчи класска 13 миң окуучу кабыл алынган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан