Чүйдөгү "Чалдыбар" чек ара өткөрүү бекетинде "Чылдыбар" өткөрүү бекетиндеги чыр-чатактуу учурдарды аныктоо" аттуу органдар аралык биргелешкен окуу болуп өттү. Иш-чаранын максаты - өткөрүү бекетиндеги чыр-чатак учурунда көзөмөлдөөчү органдардын биргеликте иштөөсүн камсыздоо. Ага Чүй облусундагы өткөрүү бекеттеринин башчылары, аталган бекеттин өздүк курамы, ИИМ менен УКМКнын райондук башкармалыктарынын кызматкерлери жана башкалар катышты. Окуунун сценарийи боюнча Кыргызстандык жаран 1994-жылкы паспорт менен мыйзамсыз чек раны кесип өтүүгө аракет кылат. Көзөмөл-өткөрүү бекетинен бардык жарандар текшерилип, бирок аталган жаран кармалып, ага тийиштүү чаралар көрүлөт. Бул учурда кармалган жарандын жакындары жаңжал чыгарышат. Бекеттин кызматкерлери белги берип, окуя болгон жерге башка органдардын кызматкерлери да келишет. Айтор чыр-чатактуу учурда органдардын иш алып баруусу чагылдырылды.