Биз социалдык тармакта

"Кыргыз өлкөсүндө 208 адам качкын деп катталган" дейт Мамлекеттик миграция кызматынын төрагасы

Кыргыз өлкөсүндө 208 адам качкын деп катталганы айтылды. Бул тууралуу бүгүн, 5-мартта Жогорку Кеңештин жыйынында Мамлекеттик миграция кызматынын төрагасы Болотбек Ибраимжанов билдирди.

Анын айтымында, качкындар Ооганстандан 87, Сириядан 71, Украинадан 24 калган мамлекеттерден бир-экиден катталган. "Качкындар чек арага келгенде алар Мамлекеттик чек ара кызматына кайрылышат. Ал жерде 2 сааттын ичинде Мамлекеттик миграция кызматына барат. Ага чейин ИИМдин, УКМКнын кызматкерлери тараптан текшерүүлөр болот. Өлкөнүн коопсуздугуна зыяны жок болсо алардын арызын каттайт. Арыз мекемелер аралык комиссияда каралат", - дейт ал.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан