Сирия: БУУнун эксперттери Дамасктагы окуяны иликтейт. Оппозиция алардын коопсуздугу үчүн кепилдик берди
Сириядагы БУУнун эксперттеринин коопсуздугу үчүн оппозиция кепилдик берди. Эксперттер 48 сааттын ичинде Дамаск шаарындагы баш аламандыкта химиялык курал колдонулгандыгын же колдонулбагандыгын иликтешет. Буга чейин Дамаск шаарында миңден ашык адам кырылып, оппозиция бийликти химиялык курал колдонду деп айыптоодо. БУУнун комиссиясы айдын ортосунда эле келген, бирок оппозиция алардын өмүрү үчүн кепилдик бере элек болчу. Иликтөө башталганга чейин бийлик менен оппозиция бири-бирин күнөөлөп келишкен.