Бишкекте маршруттук таксинин айдоочусу кичинекей баласы бар жүргүнчүнү салондон түшүрүп салган. Бул тууралуу видео социалдык тармактарга тарап, кызуу талкууга алынууда.
Андагы күбөлөрдүн айтымында, окуя бүгүн, 6-мартта эртең менен болгон. Анда айдоочу коляскасы менен маршруткага түшкөн келинди орун ээлеп жатат деп түшүрүп салган.
Кийин белгилүү болгондой окуя №185 маршруттук таксиде болгон. Видеодон топтошкон жүргүнчүлөрдү жана ыйлап жаткан баланы көрүүгө болот. Ошол маалда айдоочу колунда кичинекей баласы бар келинди маршруткадан түшүп калуусун айтканын угууга болот.
Бул окуя тууралуу мэриянын алдындагы шаардык транспорт башкармалыгы №185 маршрутканын айдоочусун табышканын жана ал убактылуу жумуштан четтетилгенин билдиришти.