25-августта түнкүсүн көпчүлүк аймактарда жамгыр жаашы күтүлөт. Күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарында башка аймактардын айрым жерлеринде жаан жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метрден, айрым жерлерде 20 метрге чейин жетет. Өлкө боюнча күтүлгөн абанын температурасы төмөндөгүдөй: Чүй облусунда күндүз +24...+29°C, түнкүсүн +13...+18°C
Талас облусунда күндүз +23...+28°C, түнкүсүн +11...+16°C
Ош жана Жалал-Абад облустарында күндүз +25...+30°C, түнкүсүн +15...+20°C
Баткен облусунда күндүз +23...+28°C, түнкүсүн +13...+18°C
Ысык-Көл облусунда күндүз +19...+24°C, түнкүсүн +8...+13°C
Нарын облусунда күндүз +20...+25°C, түнкүсүн +7...+12°C
Бишкек шаарында күндүз +27...+29°C, түнкүсүн +13...+18°C
Борбор калаада түнкүсүн жамгыр жаап, күндүз күн ачык болушу күтүлөт.