Бүгүн, 8-март күнү милициянын кайгуул кызматы карылар үйүндөгү улгайган жана ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген энелерди 8-март Аялдардын Эл аралык майрамы менен куттуктады. Бул тууралуу аталган кызматтан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, иш-чаранын жүрүшүндө милициянын кайгуул кызматынын башчысы Алмазбек Исаков энелердин жана айымдардын коомдогу ордун жогору баалап, эне үйдүн куту, үйдүн тиреги экендигин эске алып, бардык энелер жана айымдар сый-урматка татыктуу экендигин белгилеп, бекем ден соолук, узун өмүр жана бардык жакшылыктарды каалады.
Мындан сырткары энелерге майрамдык маанай тартылоо максатында чакан концерт уюштуруп, ырлар жана чакан белектер тартууланды.